Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда аскердик унаа үйдү сүзгөндө жабыркагандардын он төртү Оштогу госпиталга которулду

Turmush -  Кадамжай шаарында унаа кырсыгынан жабыркаган 5 аскердин абалы оор бойдон калууда. Алар учурда райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Кадамжай аймактык ооруканасынан кабарлашты.

Жеңил жаракат алган 14 аскер кызматкери Ош шаарындагы аскердик госпиталга которулду. Ал эми, 10 аскер Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө дарыланууда.

Кечээ, 27-мартта кечке маал Кадамжай шаарынын кире беришинде бара жаткан аскердик унаа турак үйдү сүзүп токтогон. Окуядан кийин ооруканага 28 аскер жеткирилип, кийинчерээк дагы бир аскер жаткырылган. Кечээ кечинде жабырлануучулардын бирине операция жасалган.

Айрым маалыматтар боюнча, унаанын адамдар отурган бөлүгү талкаланып калган. Жаңы курулуп жаткан үйдө адамдар жашачу эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1878
Көп окулду
×