Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 29.03.2017 18:24

Кадамжайдагы каналдан өлүгү чыккан адамды 18 жаштагы бала куткарууга аракет кылган (фото)

Turmush -  27-мартта Кадамжай шаарындагы каналдан жансыз денеси табылган адамды 18 жаштагы Жумабек Кулмурзаев куткарып калууга аракет кылган. Аймактык кабарчы өспүрүмдөн кабар алды.

«Мен каналдын жээгинде отурсам, эки адам чуркап келе жатыптыр. Ошол маалда каналдын суусуна бир адам агып келе жатканын көрдүм. Биз узун тактай берсек ал кармай албай калды. Агып бараткан киши чыга албай, туннель сыяктуу жерге агып кирип кетти. Туннелден анын өлүгү чыкты. Анын денесин мен каналдан алып чыктым», - деди ал.

Милициянын маалыматына караганда, каза болгон адам Алай районунун 50 жаштан өткөн тургуну экендиги такталды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

(Жумабек Кулмурзаев)

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×