Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда аскерлер кырсыкка учураган жерге тосмо дубал курула баштады (видео)

Turmush -  Кадамжай шаарында аскерлер кырсыкка учураган жерге тосмо дубал курула баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Кырсык болгон Ош—Баткен—Исфана жолунун 123-чакырмына тосмо кура баштадык. Үйлөргө тосмо дубал коебуз. Бул жерге 400 куб цемент, 12 тонна арматура керектелээри каралган», - деди райондук №46 жол тейлөө ишканасынын башчысы Саидбурхан Ысманов.

Аталган жерден 27-мартта аскердик унаа кырсыкка учурап, 29 аскер ар кандай жаракаттарды алган. Ага чейин февраль айында да кырсык катталган болчу. Жол кырсыктарына оор жүк ташыган унаалар себепчи экенин айткан жергиликтүүлөр нааразычылык акциясына да чыккан.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2528
Көп окулду
×