Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжайда кырсыкка кабылган 29 аскердин экөө реанимацияда жатат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев Кадамжай шаарында унаа кырсыгынан жабыркап, Кадамжай аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жаткан аскерлерден кабар алды. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Абиш Халмурзаев кырсыктан жабыр таркан үйдүн ээлери менен жолугуп, окуя толук териштирилгенде компенсация маселесин чечип берүүнү убадалады. Ошондой эле, жергиликтүү бийликке тез арада турак үйдү тосуу иштерин бүткөрүүнү тапшырды.

27-мартта аскердик унаа жол кырсыгына кабылып, турак үйгө урунган. Окуядан кийин ооруканага 29 аскер жеткирилип, жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинде 2 аскер оор абалда, 1 аскерге операция жасалган.

Башкы дарыгердин айтымында, дагы жакынкы күндө 4 аскерге операция жасалат. Жеңил жаракат алган 14 аскер Ош шаарындагы аскердик госпиталга которулган. Кечээ, 29-март күнү дагы 6 аскер Ошко которулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1132
Көп окулду
×