Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кадамжайда жер титирөөдө жарактан чыккан үйдө 4 үй-бүлө тобокелдик менен жашап жатат (видео, фото)

Turmush -  Кадамжай шаарында 2011-жылы болгон жер титирөөнүн кесепетинен көп кабаттуу 7 үй жараксыз абалга келген. Андан улам мамлекет тарабынан 45 батирлүү үйдүн курулушу башталып, жумуштун теңинен көбү бүткөрүлгөнү маалымдалган.

Ошол эле жылы жер титирөөдөн Больничная көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөр жарактан чыккан. Бирок, ал үйлөрдө учурда 4 үй-бүлө жашап жатат. Өмүрүн тобокелге салып күн кечирип жаткандар эмнегедир журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышат. Терезе-эшиктери да жок батирлердин башка жашоочулары көчүп кетишкен. Авариялык абалдагы үйлөрдө чоң жаракалар пайда болуп, урап калуу коркунучунда турганын көрүүгө болот.

Маалым болгондой, буга чейин аталган көчөдөгү № 4, 5 көп кабаттуу үйдүн чатыры Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан алмаштырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1464
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×