Turmush - Кадамжай шаарында унаа кырсык көп катталган жерге жол чырак орнотулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Аталган жерден 27-мартта аскердик унаа кырсыкка учурап, 29 аскер ар кандай жаракаттарды алган. Ага чейин февраль айында да кырсык катталган болчу. Жол кырсыктарга оор жүк ташыган унаалар себепчи экенин айткан жергиликтүүлөр нааразычылык акциясына да чыккан.
Ош—Баткен—Исфана жолунун 123-чакырымына тосмо курулууда.