Turmush - Бүгүн, 11-майда Кадамжай районунун Айдаркен шаарында окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Кадамжай РИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, мелдеш кылмыштуулукту алдын алуу максатында Айдаркен милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Мелдешке бир нече мектептин окуучулары катышууда. Жеңүүчү командалар баалуу белектер менен сыйланышат.