Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусу, Кадамжай 28.05.2017 23:01

Кадамжай шаардык кеңешин шайлоодо 7 партия тең босого баллдан өттү (болжолдуу жыйынтык)

Turmush -  Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Тайкара Арыков кабарчыга билдиргендей, шайлоого катышкан 7 партия тең жетиштүү добуш топтоду.

Бүгүнкү шайлоодо шаардык кеңештеги 21 орунга 241 талапкер ат салышып, добуш берүүгө жалпы 2905 шайлоочу катышкан.

Болжолдуу жыйынтык:

- КСДП партиясы 504 добуш (4 мандат);

- «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 567 добуш (4 мандат);

- «Республика» партиясы 326 добуш (2 мандат);

- «Ата Журт - Мекенчил» партиясы 240 добуш (2 мандат);

- «Кыргызстан» партиясы 252 добуш (2 мандат);

- «Мекеним Кыргызстан» 718 добуш (5 мандат);

- «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 227 добуш топтоду (2 мандат).

Кадамжай шаардык кеңешин шайлоодо 4 аймактык шайлоо комиссиясы иштеди.

Бүгүн 08:00дөн тарта 20:00гө чейин Кыргызстанда 41 аймактык кеңешин (8 шаардык кеңеш, 33 айылдык кеңеш) шайлоого добуш берүү процесси жүрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×