
Шаардык мэриянын маалыматына караганда, 23-июлдагы катуу жаандан шаардагы көп кабаттуу 4 үйдүн жер төлөсүн, 7 турак жайдын короолорун суу каптаган. Ага кошо ички жолдорду сел каптап, таш-кумдарга толтурган.
Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат.