Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 12-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 18.10.2017 16:54

Кадамжайда өспүрүмдөр арасында спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 18-октябрда Кадамжай шаарында мектеп окуучуларынын арасында волейбол, футбол боюнча мелдеш өттү.

Кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулган мелдешке жалпы 8 команда катышып, жеңүүчү командаларга баалуу белектер тапшырылды. Аталган иш-чара Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Былтыркы жылга караганда быйылкы жылы өспүрүмдөр катышкан кылмыштар азайган. Жыл башынан бери райондо өспүрүмдөр тарабынан 8 укук бузуу фактылары катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×