Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 28.10.2017 10:15

Кадамжайдагы китепканага 1,5 миңден ашык китеп берилди

Turmush -  Кадамжай районунун борбордук китепканасына 1695 китеп берилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Асилбек Тажибаев билдирди.

Китептер негизинен башталгыч класстын окуучуларына арналган. Түрдүү жомок китептер, жаш окурмандардын энциклопедиясы, жан-жаныбарлар жөнүндөгү китептер алынып келинди. Китептер менен таанышуу максатында Кадамжай шаарынын окуучулары үчүн райондук маданият үйүндө атайын көргөзмө уюштурулду.

«Учурда жаш жеткинчектерибиздин китепке болгон кызыгуулары байкалып, окурмандардын саны көбөйүүдө», - деди Тажибаев.

Китептер USAID тарабынан берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×