Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 12-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 22.11.2017 13:53

Айыл турмушу: Россиядан тажрыйба топтоп келген чачтарач Э.Бекташов жердештерине кызмат өтөп жатат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кадамжай шаарында туулган 22 жаштагы Эрлан Бекташов Россиянын Москва шаарына барып, атайын чач тегиздөө менен адамдын келбетине камкордук көрүү боюнча билим алып, тажрыйба топтоп келген. Аймактык кабарчы Эрлан менен таанышты.

Эрлан 1995-жылы төрөлүп, Кадамжай шаарындагы №17 мектепти аяктаган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин менеджмент факультетинин сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. Ал убактын ортосунда таажеңеси аркылуу Москва шаарына барып, стилист болуп эмгектенип жатат.

«2012-жылы Москва шаарында чач тегиздөө курсун окуп бүтүргөм. Ал жакта тажрыйбалуу адистер жана стилисттердин колунда тарбияландым. Ошондон тарта азыркы күнгө чейин бул кесипти улантып жатам. Бул кесипке менин таажеңем түрткү болгон. Ал ушул тармакта иштечү. Мектепти аяктаган учурда анын жумушун көрүп, ушул тармакка абдан кызыгып калгам. Ошондо катуу таасир берсе керек. Ошол себептен бул кесипти баштап, азыркы убакка чейин эмгектенем. Азыркы күндө бир гана жумуш менен алектенүүдөмүн. Бош убакытта өз өнөрүмдү өнүктүрүүгө багытталган ар кандай видео сабактарды көрөм», - деди Э.Бектешов.

Эрлан үй-бүлөдө жалгыз бала. Учурда жүрөгү бош, бойдок.

«Ишти жаңы баштаганда эки башка кайчыны адаштырып алып, кардарымдын маңдай чачын кесип алганым эсимде. Ал үчүн кызмат акымды албай жана кечирим суроо менен кийинки жолу чачын бекер тегиздеп берем деп кутулгам. Ошол күндү азыркыга чейин эстеп, өзүмдү күнөөлүү сезем. Келечекте жогорку тажрыйбалуу стилист катары таанылгым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×