Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 12-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 10.12.2017 14:47 На русском

Кадамжайлык окуучу кыз менингиттен көз жумду

Turmush -  Кадамжай шаарында менингит оорусунан 19 жаштагы окуучу кыз каза болду. Өздүк булактардын маалыматы боюнча, 11-класстын окуучусу Кадамжай аймактык ооруканасына оор абалда (комада) жеткирилген.

Дарыгерлер бейтапты 10 күнгө жакын дарылоодон өткөрүп, бирок өтүшүп кеткен оорунун кесепетинен бейтап көз жумду. Учурда тиешелүү органдардын кызматкерлери тарабынан бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Айрым маалыматтар боюнча, көз жумган кыздын үйүнөн ооруну убактылуу басаңдатуучу дарылардын идиштери табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×