Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кадамжай шаарынын 5 жылдык мааракесине карата спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Кадамжай шаарынын 5 жылдык мааракесине футбол жана волейбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Кадамжай шаардык мэриясынан кабарлашкандай, футбол боюнча оюнда мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери өзүнчө, жаштар жана орто жаштагылар өзүнчө болуп жалпы 32 команда ат салышты. Жыйынтыгында мамлекеттик мекеме-ишканалардын арасында 1-орунду Кадамжай РИИБ, жаштар арасында 1-орунду 1987-жылы туулгандар алса, орто жаштагылардан 1978-жылы туулгандар жеңишке жетишти.

Ошондой эле, волейбол боюнча мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген кыз-келиндер таймашып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×