Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 28.12.2017 11:50

Кадамжайда жаңы жылдык балаты жандырылды

Turmush -  Кадамжай шаарында жаңы жылдык балаты жандырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мэриянын маалыматына караганда, бийиктиги 15 метр балатыны орнотуу, кооздоо иштерине жалпы 470 миң сом сарпталган.

«Майрам Кадамжай районунун борборунда өткөндүктөн ага район аймагынан эл келип катышат. Жыл сайын жаңы жылдык майрамда элдин маанайын көтөрүү үчүн ар кандай сынактар, оюн-зооктор жана концерттик программалар даярдалат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×