Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Баткен

Кадамжайдагы лицейде Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Кадамжайдагы Семетей лицейинде 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Ооган согушунун, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн атайын багыттагы аскер кызматкерлери чакырылды. Аталган иш-чара лицейдин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, запастагы подполковник М.Асанов тарабынан уюштурулду. Ошондой эле, 10-11-класстардын окуучулары концерттик программа тартуулашты.

Майрамдык иш-чаранын аягында конокторго жана лицейдеги мурун аскер кызматын өтөгөн жарандарга баалуу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Көп окулду
×