Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 22.05.2018 10:07

Фото - Кызыл-Кыя шаары менен Лейлек районундагы турак үйлөрдү суу каптады

Turmush -  Кечээ, 21-майда Кызыл-Кыя шаарында жааган жаандын кесепетинен турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 22:30 чамасында жааган жаандан кийин Восток-2 кичи районундагы 1 турак үйдүн ичине, 4 турак үйдүн короосуна, ошондой эле Кулатов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу 2 турак үйдүн жер төлөсүнө, Дружба көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короосуна суу кирген.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Кызыл-Кыя шаардык №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, №62 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, 4 турак үйдүн короолорун жана 5 кабаттуу 2 турак үйдүн жер төлөсүн тазалашкан. Тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу иштери бүгүн улантылат.

Ошондой эле жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, жер тилкелерин суу каптап, 30 метр ички чарбалык арыктарга кум-шагыл толгон.

Акимчиликтин маалыматына караганда, Катраңдагы сел 5-6 үйгө кирип, 2-3 жандык малды агызган. Электр мамылары кулап, ички жолдор бузулган. Учурда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Мындан тышкары Ала-Көл тилкесинде 1 турак үйдүн короосун суу каптап, 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Маргун айыл аймагындагы Даргаз айылында 1 жер тилкесин, 2 мал сарайды жана Даргаз–Маргун ички чарбалык унаа жолун суу каптаган. Анын кесепетинен унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×