Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 25.07.2018 22:20

Кадамжай шаарына 2 кичи футбол аянтчасы курулууда

Turmush -  Кадамжай шаарына 2 кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев билдирди.

Маалыматка караганда, аянттар июль айында шаардагы мектепке жана Жийделик айылына курула баштады. Мектептеги аянттын курулушуна 4 млн 134 миң сом жумшалат. Анын үстү жабылып, көрүүчүлөргө орундар орнотулуп, жуунуучу жайларына чейин бардык шарты менен курулат.

Жийделик айылындагы кичи футбол аянтчасына 2 млн 400 миң сомго жакын каражат жумшалат. Эки кичи футбол аянтча дагы түрткү берүү гранттын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланууда. Бул курулуштар сентябрь айына чейин аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×