Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 12-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 07.09.2018 19:57 На русском

Бычакталган күжүрмөн самбочунун өлүмү: Бекзаттын жакындары окуянын чоо-жайын айтып беришти (сүрөт)

Turmush -  Жердешинин колунан ажал тапкан сузактык Бекзат Жаныбеков ата статусуна ээ болгонуна эми гана эки айдын жүзү болгон. Ал унаасын сатуу үчүн Бишкек шаарына барып, минтип ажал таап отурат. Орду толгус оор жоготууга учураган маркумдун жакындары кылмышка шектүүнү өз жазасын алышы керектигин баса белгилешүүдө.

Айгүл Токтоматова эки уул, эки кызды жарык дүйнөгө алып келген. Бекзат кичүү уулу болгондуктан бирге турушчу. Ал кенже уулунун балалуу болгонуна батына албай кубанып, кубанычы чексиз эле. Маркумдун апасы А.Токтоматованын айтымында, Бекзат жубайын кайын журтунан баласынын кыркын чыгаргандан кийин үйүнө алып келип, андан соң борборго жөнөп кеткен.

«Эне баланы кандай гана аруу тилектер менен чоңойтот. Мен да баламдын жакшылыгын көрөйүн, ызатын көрөйүн деп өстүрбөдүм беле. Эми жакшылыгын көрөрдө кайдагы бир канкор өлтүрүп коюп жатат. Мен аны өлтүрсүн деп уулумду баккан эмесмин. Ал жоопкерчиликке тартылсын. Азыр курбум да сыздап отурат, анын уулун да төрт жыл мурун ушул менин уулума бычак сайган адам өлтүргөн. Элчилик кылып кечирип коюшкан. Кулунум ата-энеге кыйын күйүмдүү, боорукер болчу. Чыркырап жубайы калды, жарык дүйнөгө келген уулунун жытына тойгон жок», - деди ал.

Бекзат ар дайым кайда жүргөнүн атасына кабарлап турган. Каргашалуу окуя орун алган күнү да бычак жегенден кийин атасына байланышка чыгып, бирок сүйлөбөй телефонун өчүрүп койгон.

«Түш чамаларында уулум телефон аркылуу мени менен байланышты. Бирок анын үнүн уга албадым, өчүп калды. Мен кайра байланышсам телефондун линиясы бош эмес болуп туруп алды. Бир аздан кийин байланыштым, анда да телефонду алган жок. Үч номуруна тең чыгып, тынымсыз байланышып жаттым. Бирок бул аракетим оңунан чыкпай, такыр сүйлөшө алган жокмун. Ошондо жүрөгүм жамандыкты сезди. Балам соо эмес, жол кырсыгына кабылган окшойт деген ойлор болду. Өзүм ошол маалда шаарда элем. Үйгө барып, колумдагы буюмдарды таштап эле кайра шаарга жөнөдүм. Бир аз тыйыным бар эле, ошону алып, унаа жалдап Бишкекти көздөй жол тарттым. Балама тынбай телефон чалып жаттым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин телефонду башка бирөө алып, уулум Фучиктеги ооруканада, абалы жакшы экенин айтты. Андан кийин карындашым менен байланыштым, ал аталган ооруканага жетип барды. Барса уулум ал ооруканада эмес, №4 ооруканада деп айтышыптыр. Карындашым ал жакка баргандан кийин, уулум оор абалда экенин айтты. Баламдын үзүлгөнүн жарым жолдо угуп, кайра артка кайттым.

Көрсө уулум жарадар болуп унаада бара жатканда байланышкан экен. Ал мага кайда жүргөнүн дайыма айтып турчу, балама ишенчүмүн. Ал эч качан мен чалганда телефонун албай койгон эмес. Аракети чоң болчу. ЖАМУда экономика факультетинде 5-курста окуп жаткан», - деди маркумдун атасы Жаныбек Токтоматов.

Бекзаттын жакын досу Медер Калбаевдин айтымында, спорт чебердин көкүрөгүнө сайылган бычак жүрөктүн 3 миллиметрдей жерин кесип кеткен.

«Бычак көкүрөктөн кирип, жүрөктүн 3 миллиметрдей жерин кесип кеткен. Муну дарыгерлер айтышты. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Бекзатты үчөөлөп ур-токмокко алышкан. Тамагына тепкенби, айтор соккунун белгиси турат. Андан кийин бычактап туруп качып кетип калышкан. Бекзат кансырап шок абалда айдоочуларга барганда бирөөсү аны ооруканага алып жөнөгөн. Фучик көчөсүндө жайгашкан ооруканага барганда, алар №4 ооруканага жөнөтүшкөн. Бекзат кан кусуп жаткан абалда №4 оорукананын 4-кабатына өзү чыккан. Спорт менен машыгып жүргөндүктөн бычак сайылса да төртүнчү кабатка чыгып жатат. Операция жасалуучу бөлүмгө жетип, 15 мүнөттөй тургандан кийин жан берген.

Бычак сайылгандан кийин айдоочуга келип, биринчи ооруканадан экинчи ооруканага жеткиче 45 мүнөт убакыт өтүп кеткен.

Ал унаасын сатуу үчүн Бишкекке барып, таанышын күтүп жатканда ошол бычак сайган эки шериги менен жолугуп калган. Андан кийин ушундай каргашалуу окуя болуп жатат», - деди ал .

Маркумдун спорт чөйрөсүндө табышкан жакын досу Талас Нуралиев Бекзаттын токтоо мүнөзгө ээ инсан экенин айтты.

«Элин-жерин сүйгөн, колунан жардамын аябаган инсан болчу. Ар дайым спорт менен машыгып, өзүнүн тажрыйбаларын спортко кызыккан балдар менен бөлүшүп, аларга көп нерсе үйрөттү. Өзү да спорттун эки түрү менен машыгып жүрдү. Ал облустун гана эмес өлкөнүн атагын чыгарып жүргөн. Күжүрмөн самбо боюнча өлкөнүн чемпиону болгон. Ал тирүү болгондо өлкөнүн желегин далай мамлекеттерге желбиретмек», - деди Талас Нуралиев.

Бекзат Жаныбеков Бишкек шаарындагы ИИМдин академиясын бүтүргөн. Экинчи кесип катары экономист адистигин тандап, быйыл ЖАМУну аяктап жаткан. Былтыркы жылы үй-бүлө күтүп, быйыл июль айында уулдуу болгон. Бүгүн баласын туулгандыгына толук эки ай болду.

-------------------------------------------------

Сузак районунун 28 жаштагы тургуну, спорт чебери Бекзат Жаныбековду бычактап өлтүрүп кетишти. Маркум 4-сентябрь күнү жерге берилгенин аймактык кабарчы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, Б.Жаныбеков Бишкек шаарында жүргөн учурда 1985-жылы туулган жигит менен пикир келишпестик жаралып, ал Бекзатка бычак сайып жиберген. Спортчу андан алган жаракаттын кесепетинен көз жумган.

Спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү тастыктаган маалымат боюнча, Бекзат Жаныбековдун мүнөзү токтоо болчу. Ал 2017-жылы күжүрмөн самбо боюнча 90 кг салмактагылар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон. Акыркы эки жылдан бери кикбоксинг жана күжүрмөн самбого өзгөчө басым жасап, машыгып жаткан болчу.

Архивдеги сүрөттөр:

Кийинчерээк бул окуя боюнча Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы расмий маалымат берди. Билдирүүдө айтылгандай, спортчу жаракат алган абалда 2018-жылдын 3-сентябрында борбордун Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинен табылган.

Тергөө тобу эки жигиттин ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин көкүрөк тушка учтуу буюм менен сайганын аныктаган. Андан жабыркаган маркум ооруканага жетип көз жумган.

Кийин маркумдун өздүгү такталып, Жалал-Абаддын 1990-жылы туулган тургуну экени маалым болгон. Андан көп узабай шектүү да ачыкка чыгып, маркумдун жердеши — 1985-жылы туулган А.Б. камакка алынды.

Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берене (ден соолукка атайын оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×