Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 01.10.2018 14:37

Кадамжайда стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 30-сентябрда Кадамжай районунда стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулду. Ага Өзбекстандан жана өлкөнүн түштүк аймагындагы райондордон келген 100гө жакын теннисчилер катышты. Мелдеш жаштар жана чоңдор арасында өткөрүлдү. Жыйынтыгында мыкты теннисчилер аныкталып, 1-2-3-орунду камсыз кылган спортчуларга сыйлык, дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×