Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Кадамжай 24.10.2018 17:00

«Ар бир экинчи адам ишкер, унаа тыгын жок»: 4 тилде сүйлөгөн Мээримдин Сингапурдагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  19 жаштагы Мээрим Имарбекова Forbes журналынын тандоосу боюнча 20 мыкты бизнес мектептин тизмесине кирген окуу жайда билим алып жатат. Ал Баткендеги Кадамжай шаарында төрөлгөн.

Мээрим Бишкек шаарындагы мектепте окуп, 11-классында Америкага кетип, Орегон штатында америкалык үй-бүлөдө жашаган. Кыргызстанга келгенден кийин университетте билим алууга шашылбай, англис тилинен сабак берип баштаган. Учурда Сингапурдагы окуу жайда билим алууда.

«Сингапурдагы университетке тест жана телефон аркылуу маектешип өткөм. Эки жумадан кийин окуу жайга кабыл алынгандыгым тууралуу кат келди. Университеттин программасы боюнча бир жыл Сингапурда, экинчи жылы Дубайда, үчүнчү, төртүнчү жылы Астралияда окуйм. Ошондуктан бул окуу жай программасы менен абдан белгилүү. Ал Forbes тандаган тизме боюнча 20 мыкты бизнес мектептин катарына кирет. Учурда ишкерлик багыты боюнча билим алып жатам.

Сингапур абдан таза өлкө. Коомдук жайларда сагыз чайноого, чылым чегүүгө болбойт. Сингапур – бизнестин өлкөсү. Миңдеген бизнес борборлор жайгашып, ар бир экинчи сингапурлук ишкер десем болот. Жашоочулар англис тилинде сүйлөшөт. Кыргызстанга салыштырмалуу бул жерде тамак-аш ар түрдүү, көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Индия, Кытай, Корея, Япония, Тайвань жана Азия өлкөлөрүнүн ашканасын табууга болот. Ошондой эле батыш ашканасы да кеңири жайылган.

Сингапурда Кыргызстанга салыштырмалуу унаалар абдан аз, унаа тыгын дээрлик жок. Бул жердеги унаалар Кыргызстандагы унаалардан 5 эсе кымбат. Бирок биздин Кыргызстандын жаратылышы миң эсе жакшы. Атам "Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө кооз" деп айтып калат.

Сингапурдагы адамдар ар дайым жардам берүүгө даяр. Бул өлкөгө келгениме 3 күн болгондо шаардан адашып кете жаздагам. Кампустан чыгып, колума карта кармап, автобуска отурдум. Мен үчүн баары кызыктуу болгондуктан айлананы карап бара жатып аялдамадан өтүп кетиптирмин. Автобустан түшүп, жергиликтүү тургундан кампуска чейин жеткирүүгө жардам сурадым. Ал мени менен кошо кампуска чейин келди», - деди ал.

Мээрим убактысынын көбүн окууга жана жумушка жумшайт. Бирок бош убакта Сингапурду кыдырып, ар кандай тамак-аштан даам татып, спорт менен машыгат. Ал университетте бизнес жана дебат клубдун президенти.

«Студенттер үчүн бизнес семинар уюштурдум. Орус, кыргыз, англис жана корей тилдерин билем. Корей досторум көп, алар мага тилди өздөштүрүүгө жардам беришет. Ошондой эле филиппин, вьетнам жана кытай тилдерин үйрөнүп жатам. Келечекке көп пландарым бар. Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкум келет. Ата-энемди саякаттоого жиберүүнү максат кылам. Учурда жаштар абдан өнүккөн жана алар жакшы өлкөдө жашоого умтулушат. Ошондуктан өлкөбүздү өнүктүрүү башкы максаттарымдын бири.

Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, эжем, агам жана иним бар. Атамдын аты Бакытжан, апам Алтынай. Атам ишкерлик менен алектенсе, апам мугалим. Эжем Италия жана Ригада билим алууда. Ал эми агам дизайнер адистиги боюнча окугам. Иним Ырыскелди 2-класста окуп жатат», - деди Мээрим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×