Бөлүмдөр
Жума, 13-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 07.05.2019 17:20

Кадамжайдын жаштары Жеңиш майрамы стадиондо өтүшүнө нааразы. Акимчиликтин жообу. Видео

Turmush -  Кадамжай шаарынын жаштары бүгүн, 7-майда стадиондо 9-май — Жеңиш майрамына карата иш-чаралардын өтүшүнө нараазы болушту.

Алардын айтымында, стадиондо майрамга карата аскер кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдыктар жүрүүдө. Даярданууга келген жаштар, автоунаалар жашыл чөптү талкалап жатат. Стадиондо ажаткана жок.

Ал эми эртең, 8-май күнү аталган стадиондо Ош шаарындагы «Академия» командасы менен Кадамжайдын «Металлург» командасынын беттеши өтөт. Мындан улам жаштар стадиондо 9-май майрамынын өтүүсүнө нараазы болушууда. Жаштар иш-чараны башка жакта өткөрүүнү суранып, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаковго, орун басары Сейилкан Асанова кайрылган. Стадионду оңдоого жаштар жалпы 600 миң сом каражат жумшашкан.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Сейилкан Асанованын айтымында, райондо майрам өткөрүүгө башка жер жок.

«Район акими баш болуп бул боюнча сүйлөшкөнбүз. Майрамга карата даярдыктар башка жакта болду. Бүгүн гана акыркы даярдыкты стадиондо өткөрүп жатабыз. Чөптөр деле тебеленген жок, баары жайында. Эртең футбол болгондуктан бүгүн даярданып, эртеңки күндү бошотуп беребиз. Улуу Жеңиш майрамы — эл күткөн майрам.Ошондуктан бул майрам стадиондо өтүшү керек. Башка өткөрө турган жер жок», - деди Асанова.

Тактама:

Кадамжай шаарындагы «Металлург» стадиону союз учурунда жакшы каралып, «Металлург» футбол клубу мыкты жетишкендиктерге жетишкен. Тагыраагы 1996-жылы «Металлург» футбол клубу Кыргызстандын клубдар аралык футбол чемпионатын жеңип алган. Бирок каржылоонун жоктугуна байланыштуу 1997-жылы ишин токтоткон. Стадиондун жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда эл көрүүчү жайлар, отургучтар жана кийинүүчү жай бар. Акыркы мезгилде стадион кароосуз калып, футбол командасы да жоюлуп, майрамдык иш-чаралар гана өтүп калган. Спортту өнүктүрүү максатында шаардын жаштары демилге көтөрүп, ортодо акча чогултуп, стадионду жашылдандырышып, ал жердеги кийинүүчү жайды, имаратты, отургучтарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Кайрадан «Металлруг» командасын түзүп, команда азыркы учурда Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын 1-лигасында ойноп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×