Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 12.09.2019 17:07

Кадамжайда жол четине чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар бузулуп жатат

Turmush -  Кадамжай шаарында жол четине чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын вице-мэри Чыңгыз Тагаев билдирди.

Анын айтымында, мэрия буга чейин имараттын кожоюндарына 3 жолу эскертүү берген. Бирок ага карабастан талаптар аткарылган эмес. Алдыда шаардын борбордук көчөсү болуп эсептелген Орозбеков көчөсүндөгү 2 чакырым жол кеңейтилет. Анын алкагында жол четине мыйзамсыз курулган имараттарды бузуу иштери жүрүп жатат.

Шаардагы башка көчөлөр да кеңейтилип, иретке келтирилет. Имараттарды бузуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан атайын техникалар бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×