Turmush — Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылындагы Буденовка жалпы орто мектебинин мугалими Гүлбайра Калдыбаева жакындарынан каткан сырдын аягы анын өмүрүндөгү эң бактылуу күндөрдүн бири болгон. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде жашоосу тууралуу айтып берди.
Гүлбайра Калдыбаева 1962-жылы 29-мартта Нарын облусуна караштуу Кочкор айылында туулган. Атасы айдоочу болуп иштесе, апасы үй кожойкеси болгон. Ал үч бир туугандын ортончусу.
«1978-1982-жылдары Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайды аяктап, эң алгачкы эмгек жолумду Шамалды-Сай шаарындагы мектепте башталгыч класстын мугалими болуп баштадым. Мугалим болушума кошунабыз Гүлбүбү эже себепкер болду десем болот. Ал кичинемде түптүз болуп, чыкыйып кийинип, зыңкыйып жүрчү. Мектепте мугалим болчу. Аны көрүп, үйдөгүлөргө «мен Гүлбүбү эжедей мугалим болом» деп айта берчүмүн. Ошентип мугалимдик кесипти тандап, үзүрлүү эмгектенип келе жатам. Талыкпас эмгектин арты менен бир топ ийгилик, сыйлыктарга жетиштим», - деди ал.
Каарманыбыз базардын оозунда жашынып аңдып, сюрприз кылган окуучуларынын окуясын унутпайт.
«Бир жолу Кочкордо борбордук көчөдө кетип бара жатсам, менин фамилямды айтып, радио түйүндөн кайталап калды. Ага көп маани бербей, окшош болсо керек деп кете бердим. Басып кетип баратсам, дагы айтты. Аябай таң калып, эки жакты карап, радио түйүндүн жанына келип, тыңшап калдым. Анан дагы менин аты-жөнүмдү кайталап айтса боло. Анын артынан эле менин туулган күнүмдү куттуктаган үндөр жаңырып, «Туулган күн» деген ырды ырдап беришти. Ошондо окуучуларым экенин билдим. Аябай сонун сюрприз болгон. Окуучуларым жолуман чыгып, куттукташып, мени базардын көчөсү менен өтөрүмдү боолгоп, дал ошол маалда радио түйүнгө белги берип, айттырып жатышканын айтып берип күлдүрүшкөн», - деди ал.
Гүлбайра Калдыбаева жолдошу экөө бир уул, үч кызды тарбиялап келишет. Ал үй-бүлөсү, жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуясынан айтып берди.
«Уулум үйлөнүп, эки кызым турмушка чыккан. Кичүү кызым шаарда мугалим болуп иштейт. 11 неберем бар. Жолдошум экөөбүз бир айылда, бир көчөдө жашачубуз. Жаңы келин болуп барганда үйгө конок келип калды. Өкүл атамдын атасы экен. «Чай алып келчи» деп калышты. Дасторконду камдап жатып, «кары кишиге жүгүнүш керек да» деген ой кылт этти. Үйдөгүлөр, коноктор дасторкон четинде отурушкан. «Ушул жерден жүгүнсөм болбой калат го, жана башында жүгүнүшүм керек болчу да, эми сыртка чыгып, кайра кирип келип жүгүнөйүн» деп ойлодум. Анан кокусунан сыртка шарт бурулуп чыгып кеттим да, кайра кирип келип, ак сакал конокко жүгүндүм. Ошондо баары каткырып күлүп жиберишти. Менин башында жүгүнбөй, унутуп калганымды түшүнүштү окшойт. Ушул окуя эсимен кетпейт», - деди ал.
Гүлбайра айым балдарын ойлоп, үй-бүлөсү, жакындарынан каткан сырдын аягы жакшылык менен бүткөн күндү бактылуу күнү деп эсептейт.
«Менин эң кайгылуу жана эң бактылуу болгон учурум бар. Ал 2007-жылы болду. Кокусунан ооруп калып, ооруканага көрүнсөм, онкологиялык дарт аныкталды. Аны жолдошума, бир туугандарыма, балдарыма айтпай жашырдым. Анализ тапшырып, көрүнүп жүрдүм. Ошондо эң кичүү кызым 5 жашта болчу. Балдарымды ойлоп, аябай сарсанаага баттым. Мен жок алардын күнү кандай болот дедим. Өмүрүмдөгү эң кайгылуу учур болчу. Качан кана операциям болордо жакындарым билишти. Бирок Кудайым колдоп, оорудан сакайып кеттим. Мына ошол айыккан күнүм менин жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемим болуп калды», - деди ал.
Мугалим бош убактысында китеп окуганды жактырат.
«Китептеги каармандар менен кошо аралашып, элестүү окуйм. Үйдөн бир нерсе тигип, жасаганды, неберелеримди ойнотконду жакшы көрөм», - деди ал.