Turmush — Ош шаарына республикалык бюджеттен 250 млн сом максаттуу трансферт түрүндө бөлүндү. Бул тууралуу 2026-жылдын 21-апрелинде Ош шаардык кеңешинин XX сессиясында белгилүү болду.
Сессияда «Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт түрүндө бөлүнгөн 250 млн сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кабыл алууга жана Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» маселеси депутаттар тарабынан колдоо тапкан болчу.
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Оморбек Торобаев Turmush басылмасына комментарий берип, аталган акча кайсыл тармактарга жумшаларын айтып берди.
«Республикалык бюджеттен максаттуу трансферт болуп бөлүнгөн 250 млн сом биздин казынага түшкөн. 250 млн сомдун 150 млн сому жол тармагына, 100 млн сому курулуш тармагына жумшалат», - деди ал.